ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Лебединовкадагы жол кырсыгында 8 жашар кыз жабыркаган
13.08.2022 | 18:28
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн, 13-августта Лебединовка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Аталган башкармалыктан Reporter.kg’ге билдиришкендей, унаа сүзүп кеткен кыз 8 жашта. Ал №4 шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Анын бир буту сынган.
Ал эми кызды сүзүп кеткен айдоочунун унаасы айып аянтчасына коюлган. Айдоочу жол кырсыгы болгон учурда мас абалында болгон эмес.
Эскерте кетсек, бүгүн, 13-августта Лебединовка айылында Жеңиш проспектисинде унаа жаш кызды сүзүп кеткен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом