Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирдиБишкекте жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт9-ноябрда Кыргызстанда күн ачык жана жылуу болотБишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштады
Бишкектеги ок атышуу: Шектүүлөргө издөө салынды – сүрөт
13.08.2022 | 18:42
Бишкекте 7-августта болгон ок атышууга шектүү адамдарга издөө салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Аталган окуяда бир киши октон жараат алган. Ага байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөрдүн арасында Бишкек шаарында туулган 23 жаштагы Николай Степанов, Өзбекстанда туулган 28 жаштагы Лев Степанов жана 29 жаштагы Геннадий Каландаров бар.
Милиция аталган шектүүлөргө байланыштуу маалыматы бар адамдарды 0312 48-64-47, 0552 102-906, 0554 102-147 же 102 номерлерине кайрылуусун өтүнөт.



Бардык жаңылыктар Телеграм каналда