Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Кыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толдуБишкектеги унаа жуучу жайда айдоочу люктан чыгып келе жаткан жумушчуну сүзүп кетип, ал каза болдуБишкектин Новопавловка айылынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталуудаЖаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалды
Жуманазарова Түркиядагы мелдештин алтыны үчүн күрөшөт
13.08.2022 | 17:41
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын финалына чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болду.
Ал килем үстүнө бүгүн, 13-августта чыкты. Тайпалык баскычта Жуманазарова Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандан келген балбан кыздардан күчтүү болду.
Ал эми жарым финалда ал түркмөнстандык балбанды жеңип алды. Финалдык беттеште казакстандык Мадина Бакбергенова менен күрөшөт.
Ошондой эле Ислам тилектештик оюндарынын финалына Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаилов чыга алды. Андан тышкары Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшө турган болду.
Финалдык беттештер саат 20:30да башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт