Мадумаров төрагалык кылган Координациялык кеңеш жыйын өткөрүүдө

Мадумаров төрагалык кылган Координациялык кеңеш жыйын өткөрүүдө

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңеш жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз катчысы Айданбек Акматов билдирди.

Ал жыйында эмне маселе талкууланып жатканын жана ал кайсы жерде өтүп жаткандыгын ачыктаган жок.

“Кечээ түзүлгөн Координациялык кеңештин толук мүчөлөрү жыйын курууга чогулуп жатат. Анын жыйынтыгы менен маалыматты беребиз. Азыр ар кайсы күчтөр Координациялык кеңеш түзүп жатышат. Биздин оюбуз боюуча парламенттик шайлоого барбайым деген адамды өкмөт башчылыкка алып келип, калган саясий күчтөр кайра шайлоого даярдануусу керек”, – деди Акматов.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун «сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңеш мыйзамсыз» дегенине пикир билдирип, анын премьерликке көрсөтүлүшү  дагы укуктук жактан шек жаратарын айтты.

Белгилей кетсек, 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрү чогулуп Координациялык кеңеш түзүшкөн. Анын төрагалыгына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>