Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдиль Байсалов “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын өкмөттү отставкага кетирүү боюнча демилгесин комментарийледи.
“Адахан Мадумаровдун максаты – кандай гана болбосун улуттук биримдикке доо кетирүү, кырдаалды туруксуздаштыруу, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө пайда болуп жаткан улуттук көтөрүлүштү үзгүлтүккө учуратуу. Анын пландары ишке ашпайт! Элибиз анын жалгандыгын, деструктивдүүлүгүн терең көрүп турат. Анда улуттук кызыкчылыктар жөнүндө реалдуу камкордук нөл”, — деп жазган Эдиль Байсалов Твиттердеги баракчасына.
Задача Адахана Мадумарова любой ценой подорвать народное единство, дестабилизировать ситуацию, сорвать наметившийся национальный подъем во всех сферах жизни. Его планам не сбыться ! Наш народ насквозь видит его фальш и деструктивность. Настоящей заботы о нацинтересах у него ноль! https://t.co/dcsVAYwXzF
— Edil Baisalov (@baisalov) April 27, 2023
Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин отставкасы боюнча чечимди Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитетке тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз