Бишкекте криптовалюта сатууну үйрөтөм деген адам кармалды

Бишкекте криптовалюта сатууну үйрөтөм деген адам кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери интернетте мониторинг жүргүзүү учурунда, «Инстаграмда» А.Н. аттуу аккаунттун ээси өзүн каржы активдери боюнча эксперт, инвестор жана трейдер катары тааныштырып, өзүнүн дагы бир аккаунту аркылуу криптовалюта сатуу жана сатып алууну үйрөтүүнү сунуштап, кишилерден акча алгандан кийин байланышка чыкпай, качып жүргөнү аныкталган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүү катары 33 жаштагы А.Н. аттуу жаранды кармаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, шектүү ушул сыяктуу дагы 8 ишке катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды (557) 005-031 же 102 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>