Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн министрлер кабинетине кайрылган. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, алар министрлер кабинетине убактылуу акциздик салыктарды төмөндөтүү жана дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү КНСтен бошотуу сунуштаган.
«Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу . Бул чаралар бензиндин бир литрин 3,70 сомго, дизелдик күйүүчү майдын баасын 4,8 сомго төмөндөтөт», — деди Эшатов.
Ошондой эле ал өткөн жылдын соңунан бери күйүүчү-майлоочу майга болгон баа өсүп, мунайдын бир баррели 40-80 долларга чейин жогорулаганын белгиледи.
«Кыргызстанга Россиядан бензинди алып келүүлөр жыл башынан бери 130 пайызга жогорулаган»,- деп кошумчалады ал.
Андан сырткары аталган ассоциациянын президенти күйүүчү-майга болгон таңкыстык коңшу өлкөлөрдө да байкалып жатканын айтып, Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору бензиндин дүң баасын көтөрө турган болсо, Кыргызстандын нефтетрейдерлери чекене бааны дагы жогорулатууга мажбур экенин белгиледи.