Бишкектеги район акимдеринин укуктары кеңейтилди

Бишкектеги район акимдеринин укуктары кеңейтилди

Бишкек шаарынын мэриясы райондор башчыларынын укуктарын кеңейти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөзкызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта акимдер эки комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Алар:

— Бишкек шаарындагы жер тилкелерине ижара укуктарын берүү жана жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү маселелерин кароо жөнүндө;

— Жеңил типтеги объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү жөнүндө.

«Акимдердин жоопкерчилиги жергиликтүү калктын жашоосунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестициялык жагымдуулугунун көрсөткүчтөрүн жана ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу үчүн күчөтүлүүдө. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланышкан маселелердин өз убагында жана сапаттуу чечилиши, муниципалдык жер тилкелерин башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу жана колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартышат»,- деп айтылат маалыматта.

Мындай чаралар президент С.Жапаров жүргүзгөн саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ыйгарым укуктарын күчөтүү үчүн көрүлгөн. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин оптималдаштыруу, борбордогу муниципалдык жер тилкелерин эффективдүү башкарууну камсыз кылуу жана акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>