Чүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдү
Максим Бакиев Кыргызстанга келдиби? Жапаровдун жообу
06.01.2021 | 14:49
Кара-Суу районунун калкы менен жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Садыр Жапаров мурунку мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жөнүндө суроого жооп берди.
«Максим Бакиев келди деп жатышат. Учак келгенден баштап, бардык жерде видеобайкоочу камералар орнотулган. Максимдин бул жерде эч кандай иши жок, ал келген жок. Калпты таратканда, жок дегенде Кудайдан корккула», – деди Жапаров.
Социалдык тармактарда Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келип, Садыр Жапаров менен тымызын жолукканы кабарланган.
Максим Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, күнөөлүү деп табылып, ар кандай инстанциялардагы соттор сыртынан соттошкон. Бүгүнкү күндө ал Улуу Британияда жашайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом