Маликов Токмоктогу окуяга: Исламда эже- карындаштарынын ар намысын коргогондорго күнөө жок

03.07.2022 | 12:28

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы атып салган окуя боюнча Кадыр Маликов динде бул ишке кандай баа берилерин айтты.

Коом сиздин жакындарыңыздын өмүрүнүн коопсуздугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына кепилдик бербесе, мен жооп кайтарбай коё албайм. Асел менен анын бир тууганынын иши менин оюмча өкүнүчтүү окуя. Кандай гана эркек болбосун, карындашын, аялын, кызын зордук-зомбулуктан коргойт дегенге көпчүлүк кошулат деп ойлойм.

Бул прецедент болуш керек (мыйзам чыгаруучулар үчүн) анткени биздин эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз корголбойт! Балким өзүн-өзү коргоо, өмүрдү коргоо, ар-намысты коргоо, сот арачыларынын ишин киргизүү жана башка.

Албетте, бул учурда экспертиза дайындалат, териштирүү жүрүп жатат ж.б.у.с. Эгерде баары чын болуп чыкса, анда бир туугандын кылык-жоруктары акталыш керек (ачуулануу, кырсыкты эске алуу менен) .

Көпчүлүк менден исламда бул кандай болуп калат деп сурап жатышат.

Жараткандын алдында өз жакындарынын – жубайларынын, эже-карындаштарынын, кыздарынын ар-намысын, өмүрүн коргогондор үчүн эч кандай күнөө жок. Тескерисинче, ислам коргогонду колдойт жана кубаттайт.

Бирок эң жаманы – кайдыгерлик. Бул окуяда башкалардын (айдоочу, жүргүнчүлөр) жүрүм-туруму. Бирок бул ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө таасир этиши мүмкүн”, – дейт Кадыр Маликов.

Чүйдө карындашын зордуктоого аракет кылган жаранды атып салган киши кармалды – сүрөт

Scroll to Top