Чүйдө карындашын зордуктоого аракет кылган жаранды атып салган киши кармалды — сүрөт

Чүйдө карындашын зордуктоого аракет кылган жаранды атып салган киши кармалды — сүрөт

Чүй облусунда карындашын зордуктоого аракет кылган кылмышкерди атып салган жаран кармалды. Окуянын чоо-жайын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«1-июль күнү саат 8:30да Чүй райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында ок тийгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ 47 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан. Ал тез жардам келгенге чейин каза болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, саат 7.45те Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен бир адам 33 жаштагы саякатчыны алып кеткен. Айдоочу жолдон бурулуп, кызды зордуктай баштаган. Ал машинадан түшүп, агасына чалып, болгон окуяны айтууга үлгүргөн.

«Кыз башка унаага түшүп кеткен, ал ошол маалда жүргүнчүлөрдү түшүрүү үчүн жакын жерде токтоп калган. Кылмышкер бул унааны кууп жетип, жолду тосуп, кызды чачынан жулуп, унаадан чыгарууга аракет кылган. Ал аны сабап баштаган», — деп билдиришти милициядан.

Бул учурда окуя болгон жерге кыздын 36 жаштагы агасы келген. Ал газ-травматикалык тапанча менен кол салган адамга ок чыгарган. Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталган. Карындашын коргогон адам кармалып, Токмак шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери баштаып, экспертиза дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>