Мамакеев: Кыргыз медицинасынын аксакалы катары кайрылам, эмдөөдөн өткүлө

Мамакеев: Кыргыз медицинасынын аксакалы катары кайрылам, эмдөөдөн өткүлө

Медицина илимдеринин доктору, академик, Гиннестин рекорддор китебинин дипломунун ээси Мамбет Мамакеев 94 жаш курагында COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өттү. Ал бүгүн Бишкек шаардык №7 үй бүлөлүк медицина борборуна келип, Россия өндүргөн “Гам-КОВИД-Вак” вакцинасын биринчилерден болуп алды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

“Эпидемиологиялык абал начарлап жатат. Оорудан өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот”, — деди академик.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна “Гам-КОВИД-Вак” вакцинасынын 2500 дозасы бөлүнүп берилген.

“Аны жашы 65тен ашкан жарандар, өнөкөт оорусу бар адамдар алышса болот. “Гам-КОВИД-Вак” вакцинасы менен эмдөө ордо калаанын 3 пунктунда: №2, №6, №7 үй бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүп жатат. Анткени Россия өндүргөн вакцинаны -18, -25 градуста сактоо талап кылынгандыктан азырынча 3 жайда эмдөө жүргүзүлмөкчү”, — деди Асыкбекова.

Белгилей кетсек, 22-апрель күнү Кыргызстанга Россиядан “Гам-КОВИД-Вак” вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>