Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери үчүн турак жай куруп берет. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган компаниянын жетекчисинин орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.
Комитеттин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков 2024-жылы Жогорку Кеңеш алардын аппаратынын кызматкерлерине көп кабат үй куруп берүү боюнча токтом кабыл алып, протоколдук тапшырма бергенин, турак жай салуу үчүн парламентке караштуу жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилгенин сөз кылып, ал боюнча кандай иштер аткарылганын сурады. Алтынбеков үй куруу үчүн акча каражат издеп жатышканын айтты.
Жээнбаевдин айтымында, парламенттин аппаратынын кызматкерлери үчүн 90 батирден турган турак үй Горная көчөсүнө салынганы жатат. Учурда тиешелүү долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Курулушту баштоо үчүн акча ипотекалык компаниянын эсебинен бөлүнгөнү жатат.
Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин кызматкерлери үчүн дагы бир көп кабат үй Көк-Жарда да куруларын билдирди.