Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара менен кармалды
Бишкекте мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекеттик ишкананын директору инвесторлордон жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылып, болбосо кендерди иштетүүгө берилген лицензиясынан ажыратарын айтып коркуткан. Ал (башка адамдар менен бирге) мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аны өзүнө жакын адамдарга каттаткан. Кийин дагы 2,5 млн сом пара талап кылган.
“Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 1 млн сом алып жаткан жеринен Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи фигурант «Б.А.Н.» пара менен кармалды”, – деп билдирет УКМК.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
УКМК билдиргендей, тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын иш-аракетине юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
[image_carousel source=”media: 189525,189524,189523,189522″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз