Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара менен кармалды

Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара менен кармалды

Бишкекте мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекеттик ишкананын директору инвесторлордон жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылып, болбосо кендерди иштетүүгө берилген лицензиясынан ажыратарын айтып коркуткан. Ал (башка адамдар менен бирге) мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аны өзүнө жакын адамдарга каттаткан. Кийин дагы 2,5 млн сом пара талап кылган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 1 млн сом алып жаткан жеринен Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи фигурант «Б.А.Н.» пара менен кармалды», — деп билдирет УКМК.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

УКМК билдиргендей, тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын иш-аракетине юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>