Бишкекте милиционерди сабаган шектүүлөрдүн кармалган видеосу

Бишкекте милиционерди сабаган шектүүлөрдүн кармалган видеосу

Бишкек шаардык милициясы укук коргоо кызматкерин сабоого шектелген жарандардын кармалышынын видеосу менен бөлүштү.

Белгилүү болгондой, 17-майга караган түнү «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон (милиция кызматкери). Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды: Э.А., Б.Б., К.Р. жана Ш.А аттуу жарандар.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турбайт. Ал эми сабалган жаран Бишкектеги райондук милициянын кызматкери болуп саналат.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бишкекте милиционер сабалып, буту сынган. Дагы үч шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>