Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Манасчы Сагымбай» жаңы тасмасы Казандагы мусулман кинолорунун эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Кинофестиваль 7-11-сентябрь күндөрү Татарстандын борбору Казань шаарында болуп өтөт. Аталган тасма кинофестивалдын «Россия – Ислам дүйнөсү» сынактык программасына киргизилген.
Андан тышкары «Манасчы Сагымбай» тасмасы 8-сентябрдан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт баштайт.
Тасмада манасчы Сагымбай Орозбаковдун өмүрү жана андан эл оозеки чыгармаларын жыйнаган Ыбырай Абдрахман уулунун «Манас» эпосун кантип жазып алганы баяндалат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда