Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматынан кадамдык нускамаБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өкүм чыкты
08.08.2024 | 14:56
Бүгүн, 8-августта Бишкектин Октябрь райондук соту маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага өкүм чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Соттун өкүмү менен Мая Алиева Кылмыш-жаза кодексинин 183-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо (1997-жылдагы редакция) боюнча күнөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле мүлкү мамлекетке алынат.
Ошол эле учурда ал эркинен ажыратуу жазасын бошотулуп, сыноо иретинде 1 жылдык шарттуу мөөнөт берилди. Аталган мөөнөттүн ичинде Мая Алиева мыйзам бузбашы керек жана сот жүктөгөн милдеттенмелерди аткарышы зарыл.
https://reporter.kg/apam-oorup-zhatat-kamchy-kolbaevdin-inisi-zhaparovgo-zhana-tashievge-kajryluu-zhasady-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом