КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Амантур Исмаилов Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт
08.08.2024 | 15:17
Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов (67 кг) Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Исмаилов кечээ, 7-августта килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго 6:7 эсебинде жеңилип калган.
Насибов финалга өткөндүктөн Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөштү улантууга мүмкүндүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеш бүгүн, 8-августта өтүп, анда Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен кез келди. Ал атаандашын 1 мүнөт 5 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп алды. Ошентип ал коло үчүн күрөшө турган болду.
Эми ал үчүнчү орун үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен күч сынашат. Беттеш бүгүн саат 23:30да башталат.