Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Олимпиада: Кыргызстан медалдардын саны боюнча Түркия менен катарлаш турат
08.08.2024 | 14:18
Кыргызстандык спортчулар Париждеги Олимпиада оюндарында бүгүнкү күнгө карата 4 медаль утту, алардын бирөө күмүш, үчөө коло.
Кыргызстандын куржунундагы медалдарды күрөштөн балбандар алып берди. Күмүштү Мээрим Жуманазарова, колону Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков утту.
Учурда Кыргызстан медалдардын саны боюнча 200дөн ашык өлкөнүн ичинен 58-орунда Түркия менен катарлаш турат. Азыркы тапта мелдешке катышып жаткан мамлекеттердин ичинен 72си гана байге утту.

Алдыңкы үчтүктө АКШ, Кытай жана Австралия турат.
- АКШ 94 медаль (27 алтын, 35 күмүш жана 32 коло),
- Кытай 65 медаль (25 алтын, 23 күмүш жана 17 коло),
- Австралия 42 медаль (18 алтын, 13 күмүш жана 11 коло).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом