Марлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады

02.04.2026 | 17:44

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев коомчулукта талкуу жараткан 75 аксакалдын каты боюнча түшүндүрмө берди.

«Биринчи эле иш күнүмдө бул кат кайсы жерде экенин аныктоо иштерин баштаганбыз. Анын алкагында кат конституциялык комитетке түшүп, кароого жөнөтүлгөнү маалым болгон», — деди ал.

Бирок кийин каттын жүрүшүнө байланыштуу түшүнүксүз жагдайлар пайда болгон.

«Бир топ убакыт өткөндөн кийин белгисиз себептерден улам суроолор жаралды. Эмне болуп жатканын түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз», — деп белгиледи депутат.

Маматалиев өзүнүн тескемеси менен ички комиссия түзүлгөнүн айтты.

«Менин тескемем менен ички комиссия түзүлүп, каттын Жогорку Кеңешке кандай келип түшкөнүн жана комитетке кантип жеткенин толук аныктап чыктык», — деди ал.

Текшерүүнүн жыйынтыгы тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

«Бүгүнкү күндө жыйынтыктар ИИМге берилди, ал жакта тергөө жүрүп жатат», — деп кошумчалады ал.

Депутат кат расмий каттоодон өтө электе эле күтүлүп алынганын да белгиледи.

«Чынында кат бул жакка келе электе эле күтүлүп алынган. Аны алып келген адам стандарттуу тартип менен эмес, колго өткөрүп берген. Документ мурдагы төраганын жардамчылары жана кеңешчилери аркылуу жеткирилген», — деди ал.

Андан кийин тиешелүү тапшырмалар берилип, кат комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

«Комиссия түзүүнүн негизги максаты — каттын жүрүшүн иликтөө болду. Анткени ар бир кайрылууну комитет деңгээлинде карай бербейбиз», — деп түшүндүрдү депутат.

Ал каттын кандай келгенин жана кандай жол менен өткөнүн толук аныкташканын белгиледи.

«Каттын келип түшүүсү жана жүрүшү аныкталды. Бардык материалдар ИИМге берилди, тергөө уланууда», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин 75 аксакал Садыр Жапаровга ачык кат менен кайрылышкан. Андан кийин Камчыбек Ташиев кызматынан алынган жана бир катар саясатчылар менен чиновниктер дагы кызматтан четтетилген.

Scroll to Top