Масалиев: Мен дагы президенттик башкарууга өтүүнү колдойм

Масалиев: Мен дагы президенттик башкарууга өтүүнү колдойм

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исках Масалиев Баш мыйзамдын жарыяланган жаңы долбоорун президенттик башкарууга өтүү аракети катары баалады.

Бирок ал, негизги максат мамлекеттик башкаруу системасын аныктоо болуп жаткандыктан, референдумда прламенттик башкарууну жактагандардын дагы тандоо укугу эске алынышы керектигин белгилеп кетти.

“Адегенде, референдумга президенттик башкарууну же  парламенттик башкарууну тандоо боюнча суроо коюлушу керек. Максат мамлекеттик башкаруу системасын аныктоо болуп жаткандан кийин эл кайсынысын тандаса ошого өткөн оң. Ошондо референдум максатына жетет. Ал эми даяр долбоорду алып келип кааласаң да каалабасаң да колдо деген туура эмес”, – деди Масалиев.

Ошондой эле ал, Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы президенттин ыйгарым укуктарынын көбөйүшүн колдой турганын айтты.

“Мен муну президенттик башкарууга багыт алган максат деп көрүп турам.  Менин деле оюм ушундай болчу. Азыр президенттин укуктары көп, бирок жоопкерчилиги жок да. Эгер референдум колдоо тапса анда парламенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарат. Курултай боюнча: Элдик Курултайды түзүүдөн мурун алардын өзүнүн ыйгарым укуктарын, статусун аныктаган мыйзам керек.  Менин оюмча Курултайдын максаты башка болушу керек, ал чек ара маселеси сыяктуу жалпы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга тийиш. Баарын эле көзөмөлдөй берсе бийлик үч бутактуу болуп калат да”, – деди Масалиев.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына жарыяланды. Анын демилгечилери катары 80 депутаттын аты жазылган.

Долбоордогу негизиги өзгөрүүлөр : Элдик Курултай институту түзүлөт.  Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектейт. Ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болот. Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаят ж.б.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>