2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Матраимов жалпы эсепке 1 млрд 223 млн сомдон ашык каражат которду
21.12.2020 | 14:48
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жарыяланган экономикалык мунапыс боюнча ачылган эсепке 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Министрлик жалпы эсепке 1 миллиард 345 миллион сом түшкөнүн белгиледи.
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.
20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика