ЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулдуЖогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралатАкыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке кактыӨзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулат
Матраимовдун инилери дагы камалды
28.03.2024 | 09:23
Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Исламбек жана Руслан Матраимовду 18-майга чейин камоо тууралуу чечим чыгарды.
Ушул эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимов бир айга камалды.
Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.
“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.
Анын адвокаты Мамат Шаиев кылмыш иши 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу козголгонун айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом