Бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга бюджеттен 2,2 миллиард сом каралды

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга бюджеттен 2,2 миллиард сом каралды

Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессин ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Минкаб башчысы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19,0 миллиард сом, 2023-жылы 38,0 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты.

«Бардык 7 аймактык оорукана жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда 4 компьютердик томография борбору ачылды. 2 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаасы сатылып алынган. Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин жарандар эбегейсиз чыгымга учурап, чет өлкөдө ушундай операцияларды жасоого аргасыз болушкан», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>