Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Матраимовдун кадрларынын ордуна Ташиевдин кишилери ишке орношуп жатабы? УКМКнын жообу
13.12.2023 | 13:10
Мамлекеттик бажы кызматына Камчы Көлбаев жана Раимбек Матраимов менен байланышы үчүн иштен алынган кызматкерлердин ордуна Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин кишилери ишке орношуп жатканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бош орундарга кабыл алуу конкурстун жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөрү белгиленет.
Мындай билдирүүнү Facebook баракчасына жарыяланган “Сейит Ажыкан” аккаунтунун колдонуучусу Сейитбек Ажыкановго каршы “массалык башаламандыкты уюштурууга чакыруу” жүйөөсү менен тергөө башталды.
УКМКнын айтымында, ал 1979-жылы Талас облусунда туулуп, Россиянын жарандыгын алган жана ал учурда АКШда жашайт. Активист Тилекмат Куреновдун санаалашы болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом