Бишкекте №2 оорукана, төрт мектеп жана бала бакчадан бомба изделүүдө

Бишкекте №2 оорукана, төрт мектеп жана бала бакчадан бомба изделүүдө

Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Reporter’го ооруканадагы бомба боюнча маалыматы жоктугун айтты.

«102 кызматына №80,42,72,31 мектептер жана «Остров знаний» бала бакчасына жардыруучу зат орнотулганы тууралуу кабарлаган. Учурда аталган имараттар курчоого алынды», — дейт милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>