Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Матрезервге азык-түлүк сатып алууга 8 миллиард сом бөлүндү
24.03.2022 | 12:03
Учурда керектүү азык-түлүктөрдү сатып алууга 8 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин кризиске каршы чараларга арналган жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
“Азыр Каржы министрлиги менен Улуттук банкка ички стандарттарды кайра карап чыгуу сунушталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акчаны накталай алууга, зарыл болгон учурда продукцияларды сатып алууга жана мамлекеттик материалдык запастарды керектүү деңгээлде кармап турууга уруксат берүү сунушталууда. 2008-жылы буудайдын баасы да кескин өсүп кеткен. Андан кийин Кытай бизге жардам берди. Мен Кытай, Иран жана башка аймактарга да таянууну сунуштайм», – деди Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика