Медер Абакиров франциялык «Lazard» ишканасынын өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

25.09.2025 | 14:52

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Франциянын «Lazard» ишканасынын кеңешчиси Жиль Костерус жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар энергетика, каржы, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап аталган тармактарда «Lazard» ишканасынын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, «Lazard» ишканасы – дүйнөдөгү алдыңкы көзкарандысыз каржылык консалтинг компанияларынын бири болуп эсептелет. Ишканын 20дан ашуун өлкөдө кеңселери жайгашкан жана ал болжол менен 50 мамлекетке консультациялык кызмат көрсөтөт.

Scroll to Top