Мээнин иштөөсүн начарлаткан 11 азык  

Мээнин иштөөсүн начарлаткан 11 азык  

Адамда эң баалуу нерсе бул анын ойлонуу жөндөмдүүлүгү –мээси экенин айтып келебиз. Аны дайым өөрчүтүп, акыл-эс мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну каалайбыз. Ал үчүн ар кандай жолдор, ыкмалар колдонулат. Бирок биз күнүмдүк жашообузда колдонгон азыктар мээге түздөн-түз таасир берерин унутпашыбыз керек. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, тамак-аштар мээдеги клеткаларга, эс тутумга, адамдын психологиясына олуттуу таасирин тийгизет. Демек туура тамактануу пайда алып келсе, туура эмес тамактануу зыян алып келет. Биз дал ушул мээге терс таасирин тийгизүүчү 11 азык-түлүк тууралуу кеп кылабыз. 

1)       Зыяндуу тамак-аштар.

Зыяндуу тамак-аштардын катарын чипсы, кириешки сыяктуу азыктар да толуктайт. Алар адамдын организмде бактылуулук сезимдерин калыптандыруучу дофаминди басып, депрессияга тушуктурат.

2)      Спирт ичимдиктери.

Спирт ичимдиктери аң-сезимди башаламандыкка алып келип, ойлонуу механизмин оорлотот.

3)      Шекер.

Шекерди көп колдонуу нерв ооруларын пайда болушуна түрткү болот. Кабыл алуу рефлекстери төмөндөп, эс тутум начарлайт.  

4)      Кайра иштетилген эттер. 

Колбаса, сосиска, чучук сыяктуу кайра иштетилген эт азыктары нерв системасында бузулууларга алып келет. Анын ордуна таза эт колдонгон пайдалуу.  

5)      Куурулган тамак-аштар.

Куурулган тамак-аштар мээнин клеткаларын акырындык менен өлтүрөт. Кууруганда колдонулган май, анын арасынан күнкарама майы өтө зыяндуу.

6)      Даяр фабрикат тамак-аштары.

Жарым даяр фабрикат тамак аштар нерв системине терс таасирин тийгизет. Мындан сырткары Альцгеймер оорусуна кабылуу коркунучун көбөйтөт.  

7)      Тазаланган тамак-аш (рафинированный).

Тазаланып иштетилген  жүгөрү азыгы мээнин улгаюсун эртелетет. Эс тутумду жоготуу же мээнин кээ бир функцияларынын аксашына алып келет. Ошондуктан аны өз калыбында колдонуу пайдалуу.

8)      Туз.

Туз когнитивдик системанын жана ойлонуу жөндөмүнүн бузулушуна алып келет. Туз көбүнчө кан басымына жана жүрөккө терс таасирин тийгизет.

9)      Транс майы.

Транс майы маргарин, шоколад, майонез, крекердин курамында болот. Көп колдонгон учурда ал мээнин иштөөсүн, жайлатып Альцгеймер оорусуна кабылуу коркунучун жаратат.

10)    Жасалма даам берүүчүлөр.

Жасалма даам берүүчүлөрдө калорий аз болгону менен көп убакыт колдонуу ойлонуу жөндөмүнүн начарлатып, мээнин клеткаларына терс таасирин тийгизет.

11)    Никотин.

Никотин майда кан тамырларын ичкертип, мээдеги орчундуу функциянын начарлоосуна алып келет.  Андыктан тамеки чегүүдөн жана никотини бар азыктарды колдонуудан баш тартуу адам үчүн абдан пайдалуу чечим.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>