MegaCom компаниясынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Арстанбек Темирбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Темирбаевдин баш коргоо чарасы 8-октябрда Октябрь райондук сотунда каралып, ал 6-декабрга чейин камакка алынган. Темирбаев Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.
Ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз