Путин Кыргызстанга сапары бышып жетилгенде келгенин айтты (сүрөт)

Путин Кыргызстанга сапары бышып жетилгенде келгенин айтты (сүрөт)

«Кыргызстанга расмий сапарымды коштогон жакшы шылтоолор көп, бирок өзү дагы бышып жетилип калган», — деп Россиянын президентти Владимир Путин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Ал мамлекеттер аралык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп өттү.

«Бул боюнча көптөн бери айтып келе жатабыз. Мен бүгүн Кыргызстанда болгонума кубанычтамын», — деди Путин.

Россия президенти расмий сапардын алкагында көп иш-чаралар өтөрүн, Канттагы ЖККУнун аскердик базасынын 20-жылдыгына катышарын маалымдады.

Анын маалыматында, 2022-жылы Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 37 пайызга өсүп, 3,5 миллиард долларды түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга өскөн. Россия — Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт.

Владимир Путин бүгүн эртең менен Кыргызстанга конду. Аны расмий тосуп салтанаты  мамлекеттик резиденцияда өттү. Россия президентти «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып,  1916-жылы Үркүндө каза болгондордун айкелине гүлчамбар койду.

Владимир Путин эртең КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине дагы катышат. Бул Россия жетекчисинын 2023-жылдагы биринчи чет өлкөгө расмий сапары.

Владимир Путин акыркы жолу Кыргызстанга 2022-жылдын декабрь айында Евразиялык жогорку экономика биримдигинин жыйынына катышуу үчүн келген. Мамлекеттик сапары 2019-жылдын март айында болгон.

Путиндин расмий сапары. Президенттер «Ата-Бейитке» барат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>