Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана «MegaCom» компаниясынын мурунку башчысы Акылбек Жамангулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин мындай чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган. Бишкек шаардык соту мындай чечимди күчүндө калтырды.
А.Жамангулов ири суммадагы алдамчылыкка шектелип 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.