Путин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдө
Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу каза болду
21.06.2022 | 17:26
Бүгүн, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза болду. Бул тууралуу маалыматты ырчынын жакындары тастыкташты.
Ырчынын уулу Арген Иманалиев 35 жашта болчу.
“Арген Иманалиев түндө инфаркттан улам каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 16:00дө болду”, – дешти Айчүрөк Иманалиеванын жакындары.
Reporter.kg’нын жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом