Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
“Мейкин” сыйлыгы: Президент 10 журналистке 1 млн сомдон тапшырды
17.12.2024 | 17:13
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомдон тапшырды.
Акчалай сыйлыкты сынакка катышкан журналисттердин арасынан жеңүүчү атанган 10 киши алды. Сынактын жалпы байге фонду 10 млн сом болду.
Иш-чара борбор калаадагы Опера жана балет театрында өттү.
1 млн сомдон уткан журналисттер:
- «Бир эл – бир түндүк» номинациясы – УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
- «Керемет Кыргызстан» номинациясы – ЭлТРдин кызматкери Аскар Маратов;
- «Салык – өнүгүүгө салым» номинациясы – “Акчабар” каржы порталынын башкы редактору Мария Индина;
- «Билим – келечек» номинациясы – “Кутбилим” гезитинин редакциясы;
- «Куттуу элет» номинациясы – УТРК Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева;
- «Мекен жана мен» номинациясы – “Мир” телеканалынын кабарчысы Аида Аматбекова;
- «Мекендештер» номинациясы – Ютуб блогер Дооронбек Адаханов;
- «Кыргызстанда иштеп чыгарылган» номинациясы – ЭлТРдин кабарчысы Рахат Кыдыртокоева;
- «Сергек жашоо» номинациясы – “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина;
- «Таза Мекен» номинациясы – эркин журналист Улан Эшматов.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом