Мексикада дайынсыз болуп жаткан кыргыз жаранын издөө уланууда

Мексикада дайынсыз болуп жаткан кыргыз жаранын издөө уланууда

Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Россия жана Казакстандын Мексикадагы элчиликтеринин көмөгү менен кыргызстандыкты издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү.

Маалыматтар боюнча, изделип жаткан жаран Мексиканын Канкун шаарында болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландаган.

ТИМден белгилешкендей, учурда Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта.

Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кыргызстандык Жаныбек Жакыпов 29-декабрда Канкун шаарына учуп кеткенин, 30-декабрда апасы оор абалда деген маалымат уккандан кийин билет алып, Бишкекке аттанган боюнча дайынсыз болуп жатканын жазган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>