БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Мектеп окуучулары кандай форма кийишет? Министрдин жообу
16.08.2024 | 15:58
Мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Ал бардык билим берүү мекемелерине ак көйнөк, кара шым менен юбка кийүү сунушталганын белгиледи.
“Форма мектептин уставына жараша, жалпы ата-энелердин жыйынында чечилет. Бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн дагы жакшы”, – дейт ал.
Догдуркүл Кендирбаева бир класста окуучулардын саны 36дан ашпаштыгы керектигин, бирок быйыл балдарды кошумча кабыл алууга уруксат берүү мерчемделип жатканын айтты.
Андан тышкары, класстардын тазалыгы балдарга жүктөлөт.
“Бул боюнча буйрук чыгарылган. Аны менен балдар өзүн-өзү тейлегенге, тазалыкка үйрөнүшөт”, – дейт министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом