Ден соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилдиКыргызстанда балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталууда. Айып пул — 55 миң сомго чейинКара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалдыБишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөтМамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту
Америкада трак айдаган 38 жаштагы кыргыз аял каза болду
16.08.2024 | 16:37
АКШнын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгында 1986-жыл туулган Б.С. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин маркумдун сөөгү мекенине жеткирилет.
Америкалык медианын маалыматында, аталган жолдо оор жүк ташуучу унаа катышкан кырсык 2 күн мурда катталган. Анда айдоочу тракты буруп жатып, даракты сүзүп алып, унаасы күйүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом