19-январга карата аба ырайыКызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейт
Мектептер санитардык талаптарга жооп бербесе, кайсы сабактар оффлайн режимде окулары айтылды
05.10.2020 | 14:47
2-6-класстарды кадимки тартипте окутууну кайра баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мектептерге санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
“Мында, тийиштүү шарттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, оффлайн режимде физика-математикалык сабактарды гана өткөрүү сунушталат, ал эми гуманитардык багыттагы сабактар аралыктан окутуу формасында улантылат. Ошондой эле сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөн кезде, окуу жайларында температуралык тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи. Эгерде талап сакталбаса, салттуу түрдө окутуу процесси башталбашы керек”, – деди Акматова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом