ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Мектептерде окуу китептер эмне үчүн жетишсиз? Расмий жооп
08.09.2023 | 22:03
Мектептердеги китептердин жетишсиздиги быйыл гана жаралган маселе эмес, деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 7-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
Анын айтымында, бул маселе көп жылдардан бери уланып келе жатат.
«Мындай көйгөйдүн келип чыгышына көптөгөн окуу китептеринин эскирип, жыртылгандыгы себеп болууда. Мындан тышкары, жыл сайын демографиялык өсүш, чоң шаарларда ички миграция болуп жатат. Буга чейин окуу китептерин басып чыгарууга жетиштүү каражат бөлүнчү эмес», – деди Супаналиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим