Чүйдө жаш кыз менен мейманканага барган кишини тоноп кетишти

Чүйдө жаш кыз менен мейманканага барган кишини тоноп кетишти

Токмок шаарында алдын ала макулдашуу боюнча тоноочулук кылган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен Н.Ю. аттуу жаран кайрылып, 2023-жылдын 2-сентябрында Токмок шаарынынын мейманканалардын биринде белгисиз адамдар уруп-сабап, 5000 сом акчасын алып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факт Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде (Тоноо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын жагдайлары аныкталды.

Анда 1993-жылы туулган Б.М., 1992-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган И.М., 1977-жылы туулган М.Д., 2007-жылы туулган А.М. аттуу жарандардын тобу, тергөө убагында өздүгү тактала элек белгисиз адамдар менен материалдык пайда көрүү максатында алдын ала сүйлөшүп алып, төмөнкүдөй аракеттерди жасашкан.

2-сентябрда 2007-жылы туулган А.М., телефон аркылуу 1972-жылы туулган Н.Ю. менен байланышып, Токмок шаарынын кафелеринин биринде жолугушукан. Андан кийин алар А.М.дин сунуш менен Токмок шаарындагы мейманканалардын бирине барып, бөлмөгө киришкен. Ошол ушул учурда белгисиз адамдар мейманкананын бөлмөсүнө кирип келип, А.М. карындашым деп урушат дагы, ал эми Ю.Нды уруп сабап, 5000 сом акчасын тартып алып, көчөгө сүйрөп чыгышып, мажбурлап автоунаага олтургузуп шаардын четине алып барышкан. Ал жерге 1993-жылы туулган Б.М. аттуу жаран пайда болуп, белгисиз себептерден улам Ю.Нге болушуп, «туура эмес иш кылыптырсың көйгөйдү оң жагына чечүү үчүн 800 000 сом керек деп талап кылган. Жабырлануучу Ю.Н. жеке коопсуздугун ойлоп макул болгон.

Эртеси, 3-сентябрда Б.М. жабырлануучунун үйүнө келип, 2 баш бодо малын жана 30 000 сомун тартып алып кеткен. Бирок бирок ушуну менен эле токтоп калбастан, акча талап кылууну улантышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу менен жана ар бир катышуучу өзүнүн кыймыл аракети макулдашуу менен болгондугу аныкталган.

Жүргүзүлгөн бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.М., 1992-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган И.М., 1977-жылы туулган М.Д., 2007-жылы туулган А.М. аттуу жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып, кылмыштын калган катышуучуларын аныктоо багытталган иштер жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>