Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты Динара Кутматова ээлеп келген. Ал кызматтан алынгандан кийин анын ордуна Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги сунушталып, Жогорку Кеңеш анын министр болушун колдогон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз