Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин министр болушун колдоду
16.03.2023 | 15:48
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеш жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды.
Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Сунушталган талапкердин дайындалышына Жогорку Кеңештин 57 депутаты “макул”, 1 депутаты “каршы” деп добуш берди.
Буга чейин Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган.
Ал эми Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом