Ошто сүйлөшкөн кызын мыкаачылык менен өлтүргөн жаранга соңку өкүм чыкты

Ошто сүйлөшкөн кызын мыкаачылык менен өлтүргөн жаранга соңку өкүм чыкты

Ош облусунда сүйлөшкөн кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн өзүнүн үйүнүн короосуна көмүп койгон жаранга Жогорку соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу аталган соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, айыпталуучу Келдибек (аты өзгөртүлдү) былтыр 28-июлда Кара-Суу райондук соттун чечими менен 15 жылга кесилген. Андан кийин иш Ош облустук сотунда каралып, 30-сентябрда сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. Ош облустук соттун чечими менен макул болбой, айыпталуучунун жактоочусу Жогорку сотко кайрылган. Бул иш Жогорку сотто 1-февралда каралган.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя былтыр 30-январда эртең менен болгон. Ал күнү Келдибек сүйлөшкөн кызы менен жолугуп, унаа менен алып кеткен. Унаада бара жатып, экөө урушуп кеткен. Айыпталуучу жолдон дүкөнгө токтоп, кылмышка даярданып бычак сатып алган. Болжол менен саат 10:00до үй жагына келгенде, унаанын арт жагына отуруп, сүйлөшкөн кызын ичине, андан кийин көкүрөгүнүн сол тушуна тогуз жолу бычак сайган. Аны менен токтоп калбай, мойнун кескилеп, күрөк менен уруп, моюн омурткаларын сындырган.

Кылмышын жашыруу максатында маркумдун сөөгүн өзү жашаган үйдүн короосуна көмүп койгон. Андан кийин кыздын кийимдерин, зачеттук китепчелерин жана бычакты капка салып, дааратканага таштап салган.

Түшкө маал окуусуна кетип, кечинде үйүнө келгенден кийин маркумдун сумкасын, телефонун жана башка буюмдарын суу каналга ыргыткан.

Ошол күнү кечинде маркум кыздын туугандары аны издеп, Келдибекке чалышкан. Ал кызды көрбөгөнүн айткан. Эртеси күнү «Достук» посту аркылуу Өзбекстанга чыгып, ал жактан Россияга учуп кеткен.

Кийинчерээк 8-февралда ал кармалган.

Соттук медициналык экспертиза, маркум 6-7 жумалык кош бойлуу болгонун көрсөткөн.

Жогорку сот ишти карап чыгып, облусттук соттун өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Ош: 4-курсттун студент кызын сүйлөшкөн жигити бычактап өлтүрдү

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>