Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
«Менин шаарым»: Коомдук транспортту онлайн көзөмөлдөө функциясы эми аймактарда жеткиликтүү
18.12.2025 | 10:47

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакытта көзөмөлдөө функциясы эми өлкөнүн аймактарында да жеткиликтүү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми бул кызмат Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок шаарларында иштейт. Бул жарандарга жол жүрүүнү ыңгайлуу пландаштырууга шарт түзөт.
Мэрия алдыда «Менин шаарым» тиркемесинин функционалы дагы кеңейтилип, Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом