Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузууга тендер жарыялады. Арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.
Конкурстук табыштаманын баасы 7 млн 672,9 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары, Жибек Жолу көчөсүндөгү мончо жана эс алуу комплексин бузуу пландалууда. Бул үчүн 4,1 миллион сом бөлүнөт.
Эске салсак, Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөнүп кеткен.