Жаңы «ак үйдү» мамлекеттик ишкана курмай болду

Жаңы «ак үйдү» мамлекеттик ишкана курмай болду

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жоюлду. Андыктан  Президенттин Администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырмай болду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.

Жоюлган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.

Эске салсак, президенттин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында  президенттин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюлган болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>