Мэрия Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдөн куулгандардын маселесин дагы эле чече элек

22.05.2024 | 15:15

Бишкек шаарынын мэриясы Орто-Сай базары тараптагы Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан имараттан чыгарылган жарандардын маселесин дагы эле чече элек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Айбек Маткеримовдун билдирүүсүндө, 11 үй-бүлө эч кандай турак жай алган эмес.

“11 үй-бүлө балдары менен ар жакта жашап жатышат экен. Азыр мына парламенттин алдында турат. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй берилгени дагы жалган дешти”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 тургуну 1-мартта жашаган жеринен чыгарылган.

Мэриянын маалыматында, ал имарат көп кабаттуу үй эмес,  жумуш кеңсе катары салынган.

Депутат: Мэр жарандарды үйдөн кубалап чыкканга чейин барбаш керек болчу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top