Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Президент: Быйыл 1-октябрдан тарта өлкөдөгү пенсия 6,8 миң сомдон кем болбойт
22.05.2024 | 14:00
Быйыл 1-октябрдан тарта Кыргызстандагы пенсия 6,8 миң сомдон кем болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, пенсия 1-июлдан тарта көтөрүлө баштайт. Ал пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы болот.
“Бул багыттагы иштерди улантабыз. Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз.
Ооба, албетте, буга бир нече жылдар керек, ошентсе да бул максатка сөзсүз жетебиз”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом