Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Милиция адашкан 4 жашар кызды ата-энесине таап берди
21.04.2021 | 13:23
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы адашып кеткен кичинекей кыз атасына жеткирилгенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 18:00дөр чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Дордой 2 көчөсүндө кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, 4 жаштага кыз адашып 192 маршурттук каттамдын соңку аялдамасында жүргөндүгүн, көргөндөр “102” кызматына кабарлаганы белгилүү болгон.
Милиция кызматкерлери кыздын жашаган дарегин аныктап, көп узабай атасын таап, сак-саламат жеткирип беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом